Президент Жапаров ЕАЭБдеги айрым тоскоолдуктар тууралуу айтты

Президент Садыр Жапаров жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары. 15-август. Чолпон-Ата шаары.

Президент Садыр Жапаров Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн ичинде товарлардын, капиталдын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчүнүн эркин жылышына тоскоолдуктарды жоюу керек экенин билдирди.

Бул тууралуу мамлекет башчы 15-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышып жаткан ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларын кабыл алууда айтты.

Садыр Жапаров Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болгон 10 жылдагы көрсөткүчтөрү тууралуу да сөз кылып, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн Ички дүң өнүмү (ИДӨ) бир жарым триллион сомго жетип, 2015-жылга салыштырмалуу реалдуу түрдө бир жарым эсеге өскөнүн кошумчалады.

Беларус, Казакстан, Орусия 2010-жылы Бажы биримдиги катары түзгөн Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) Кыргызстан менен Армения 2015-жылы кошулган. Кыргыз өкмөтү ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Бирок Орусияда эмгектенип жүргөн Кыргызстандын жарандары ар кандай чектөөлөргө, басым-кысымга кабалып, аэропорттон артка кайтарылган окуялар көп. Ал эми Казакстан менен чек арада товарларды алып өтүүдө көйгөйлөр жаралып, жүк ташыган автоунаалардын узун кезеги утур-утур болуп турат. (BTo)

Дагы караңыз

Аляскадагы АКШ-Орусия саммитин утурлай Украинаны колдогондордун митингдери өтүп жататНарын: Машинеси менен дарыяга түшүп кеткен айдоочуну 200гө жакын адам издеп жататHRW кыргыз бийлигин Рита Карасартованы абактан чыгарууга чакырдыПрезидент там-ташы бузулгандарга ипотекалык үй берүүнү тапшырганын айттыАскер бөлүктөрүнүн биринде жоокер кокустан атылган октон каза болдуПрезидент “Ататүрк” паркына үй салгандар берген акчага сейил бак оңдолорун айттыКыргызстанда эттин эң жогорку баасы бекитилди