Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

Аляскадагы АКШ-Орусия саммитин утурлай Украинаны колдогондордун митингдери өтүп жатат


Эки президент 15-августта Аляскада жолугушат
Эки президент 15-августта Аляскада жолугушат

Бишкек убактысы боюнча кечки саат 5ке жакын АКШ президенти Дональд Трамп учакка түшүп Аляскага жол тартат. Трамп экинчи президенттик мөөнөтүндө Путин менен бетме-бет алгачкы ирет жолугушуп жаткан АКШ-Орусия саммити "Кансыз согуш" маалында ачылган аскердик аба базасында өтөт. Шайлоо өнөктүгү маалында "Украинадагы согушту 24 саат ичинде токтотом" деп убада кылган Трамп эми үч жарым жылдан бери уланып жаткан куралдуу чатак ал ойлогондон кыйла татаал экенин моюнга алды. Аляскадагы жолугушуунун жыйынтыгы ал ойлогондой болсо, Трамп чукул арада АКШ-Украина-Орусия үч тараптуу саммитин уюштурууну көздөп жатат.

Бул саммитти утурлай, Украинаны колдоо митингдери АКШнын Киевдеги элчилиги алдында, Нью-Йоркто, Аляскада өтөөрү белгиленген.

Шерине

XS
SM
MD
LG