Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:27

Экономика

"Көчөдө калдыкпы?" Оштогу соодагерлердин суроосу, мэриянын жообу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

Ошто буга чейин бузулган базарларда соода кылган 200гө чукул жаран жаңы базардан орун жетпей калганынына нааразы болуп чогулду. Алар шаардагы “Бостон”, “Бексултан” базарында, мурунку автобекеттин айланасында соода кылышчу. Шаар бийлиги базар жетекчилерине жер бөлүнүп берилгенин, маселени ошол жетекчилер чечээрин айтып жатат.

"Ататүрк": Үй ээлери паркка акча төлөп берет
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:30 0:00

Бишкек мэри калаадагы "Ататүрк" паркындагы курулган үйлөр бузулбай, ал жактагы турак-жай ээлери паркты өнүктүрүү үчүн акча берерин билдирди. Мындай мунаса чечим көп жылга созулчу соттошууларды болтурбоо үчүн кабыл алынды. Мэриянын бул чечими коомчулукта талкууга түшүп, башка конуштардагы мыйзамсыз делген үйлөргө тиешелүү болобу деген суроо жаратты. Ушул тапта жер-жерлерде, өзгөчө Бишкек менен Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген турак жайлар, дубалдар жана башка курулуштар буздурулуп жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG