Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Президент “Ататүрк” паркына үй салгандар берген акчага сейил бак оңдолорун айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров шаар, айыл-аймактарда мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу иштери тууралуу комментарий берди. Мамлекет башчы 15-августта “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде 2005-жылкы ыңкылаптан бери жерлерди өзүм билемдик менен басып алып там салып жашап жаткан он миңдеген кожолуктун үйлөрүн бийлик мыйзамдаштырып бергенин айтты.

Бирок 2021-жылга чейин салынган гана үйлөргө документ берилгенин, айрым аймактардагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, алар менен чогуу иш кылган адамдар бош жаткан жерлерге документ жасап сатып акча жасаган учурлар бар экенин кошумчалады. Садыр Жапаров мамлекет турак жай түшкөн бардык жерди мыйзамдаштыра берсе айыл чарба жерлери тарып, азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч келерин билдирди.

Там-ташы буздурулгандардын чындап эле жашай турган жери жок болсо Мамлекеттик ипотекалык компаниядан кезексиз үй берилерин да айтып, “Ататүрк” сейил багында курулган турак үйлөр тууралуу да комментарий берди.

“Ата-Түрк паркына да 2005-жылы үй куруп алышкан. Биз алардын баарын жазында Ынтымак-Ордого чогултуп, паркты карапайым калк үчүн эң жогорку деңгээлде оңдоп бергиле же үйлөрүңөр “снос” болот деген маселени койгондо алар паркты оңдоп бергиле деген талапты тандашкан. Паркты эң жогорку деңгээлдеги бак кылып жасаш үчүн 500 млн сомдун тегерегинде акча жумшалат экен. Алар бүгүнкү күндө 100 млн сомдун тегерегинде акча чогултуп бүтүп калышты. Кудай буюрса, ал жер эң жогорку деңгээлдеги парк болуп жасалат. Ал паркты ошол тегеректе жашаган карапайым элибиз эле бала-чакасы менен колдонушат”, - деди президент.

Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев баш калаанын “Ататүрк” сейил багында курулган турак үйлөр бузулбай турганын, алардын ээлери паркты өнүктүрүүгө каражат берерин 11-августта “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” программасында айткан.

Анын маалыматы боюнча, парктын аймагынан 24 гектар жер жеке колго өтүп кетсе, анын ичинен ушул тапта бош турган 5 гектары сейил бакка кайтарылды. Ушул тапта сейил бактын аймагында 68 турак жай, эки көп кабаттуу үй курулган. Бул аймакка жеке турак жай салгандар сотыхына 4,5 миң доллар, ал эми көп кабаттуу үйлөрдөгү ар бир батир 1000 доллардан төлөп берүүгө макул болгон. Бул каражат “Ататүрк” паркын өнүктүрүүгө жумшалат.

Бишкек мэри мындай жол менен жалпы 500 миллион сом чогултуу каралса, анын 97 миллиону түшкөнүн кошумчалаган.

Бул коомчулукта талкууга түшүп, “бийлик Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушундагы карапайым элдин үйүн бузуп, парктын аймагындагы турак жайларга тийген жок” деген сындарды пайда кылды.

Айбек Жунушалиев 2024-жылы 16-апрелде “Ататүрк” паркынан там курууга жер берүү боюнча мурдагы мэрлердин колу коюлган 124 токтом жокко чыгарылганын билдирген. Ошондой эле 1992-жылы 25-июндагы № 225 токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Аталган парктагы үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, алар өз маалында тилкени мыйзамдуу сатып алганын, эгер турак жайлар түрттүрүлсө, алардын менчик укугу бузуларын билдиришкен. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG