Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:32

HRW кыргыз бийлигин Рита Карасартованы абактан чыгарууга чакырды


Рита Карасартова.
Рита Карасартова.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму кыргыз бийлигин абакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартованы эркиндикке чыгарып, коюлган айыптарды алып салууга чакырды.

Уюмдун Борбор Азия боюнча адиси Сыйнат Султаналиева 50 жаштагы укук коргоочунун ишине “жашыруун” грифи коюлуп, сот отурумдары жабык каралуу алдында турганын айтып, бул саясий иш экенин билдирди.

Укук коргоочу 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. Ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жатат. Рита Карасартова кармалышын жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.

Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылганын жарыялаган.

Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырып келет.

Рита Карасартова Кемпир-Абад ишине байланыштуу да камалып, бир нече саясатчы менен кошо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда акталып, эркиндикке чыккан. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG