Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

Аскер бөлүктөрүнүн биринде жоокер кокустан атылган октон каза болду


Кыргыз армиясы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз армиясы. Иллюстрациялык сүрөт.

14-августта Коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүнүн биринде күжүрмөн даярдык боюнча сабак учурунда контракттык негизде кызмат өтөгөн аскер кызматчысы (Б.Б.Т.) каза болду.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, аны ошол эле аскер бөлүктүн жоокери куралга этиятсыз мамиле кылып, атып алган.

Аскер кызматчысына биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, дароо медициналык мекемеге жөнөтүлгөн. Бирок ооруканага жетпей каза болгон.

Аскер прокуратурасы кызматтык иликтөө иштерин баштады. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG