Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Нарында кыйраган көпүрө бир өмүрдү алып, каттам токтоду


13-августта кыйраган “Куюш” көпүрөсү.
13-августта кыйраган “Куюш” көпүрөсү.

Нарында эки айыл менен облус борборунун ортосундагы жалгыз көпүрө кыйрап, кырсыкта сууга аккан бир адамдын сөөгү изделип жатат.

Жергиликтүүлөр 1960-жылдары курулуп, авариялык абалда турган жыгач көпүрөнү оңдоп берүү өтүнүчү менен жергиликтүү бийликке кайрылганын айтышууда.

13-августта Нарын районундагы эки айылды Нарын шаары менен байланыштырган жалгыз көпүрө урап, анын үстүндө жүрүп бараткан жүк ташуучу автоунаа сууга кулаган.

Куткаруучулар талкаланган машинени суудан алып чыгышканы менен ичиндеги 41 жаштагы айдоочу табылбай жатат. Азыркы тапта анын сөөгүн издөө иштери уланууда.

Алдын ала маалыматтарда, "КамАЗдын" айдоочусу Эки-Нарын айылында курулуп жаткан мектепке шагыл ташып жаткан.

Жергиликтүү тургундар көпүрө коопсуздук шарттарына жооп бербей калганын жергиликтүү бийликке бир нече жолу эскерткен. Анткен менен эч ким ага көңүл турган эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары көпүрө ураганда сууга машинеси түшүп кеткен айдоочуну издөө иштерин жүргүзүүдө.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары көпүрө ураганда сууга машинеси түшүп кеткен айдоочуну издөө иштерин жүргүзүүдө.

Дөбөлү айыл аймагынын тургуну Нурсамат Шалдарбековдун айтымында, көпүрөнүн абалын район акими, губернатор өзү келип көрүп кеткен.

Жыйынтыгында 10 тоннадан ашык жүк алып өткөнгө болбойт деген жол белгиси коюлган. Бирок көпүрөнү оңдоо иштери качан болору айтылган эмес.

"Ремонттогонго да болбой калган. Жеңил унаа менен өткөндө да кыймылдап калган. Буга чейин үч жыл мурда эле айыл аксакалдары жыйналыштарда айтып чыгышкан. Канча блогер, журналисттер келип тартып кетти. Эч иш жылбады. Жергиликтүү бийлик, жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери көпүрөнүн абалын билгенден кийин жүк ташуучу автоунааларды өткөрбөй, көзөмөлдөп турса болмок да".

13-августта кыйраган “Куюш” көпүрөсү.
13-августта кыйраган “Куюш” көпүрөсү.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү көпүрө авариялык абалда болгонун моюнга алышат. Нарын райондук жол чарба департаментинин башчысы Кубан Токобаев кырсыкка учураган "КамАЗдын" айдоочусу жол белгиси турганына карабай, оор жүк менен авариялык абалдагы көпүрөдөн өткөнүн айтты:

"Бул жерде 10 тоннага чейин гана унаалар өтсө болот деген жол белгиси орнотулган. Бирок айдоочу "КамАЗга", андан тышкары чиркегичине да таш жүктөп өтүптүр. Коопсуздук эрежелери сакталган эмес".

Нарын районунун акими Нуридин Мадимаровдун билдиришинче, 2024-жылы жарандык коргонуу комиссиясы акт түзүп, аны Транспорт министрлигине жөнөткөн.

"Кечээ жакында, тагыраагы июнда көпүрө авариялык абалда экенин айтып, маалымат жөнөткөнбүз. Тез арада алмаштырууга муктаж экенин баса белгилеген элек".

Көпүрө кооптуу абалга келип калганын жергиликтүү тургундар соңку 3-4 жылдан бери айтып келген. Көпүрө 1960-жылдары жыгачтан курулган.
Көпүрө кооптуу абалга келип калганын жергиликтүү тургундар соңку 3-4 жылдан бери айтып келген. Көпүрө 1960-жылдары жыгачтан курулган.

Ал эми Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен бул көпүрө аркылуу оор жүк ташуучу машинелерге чектөө коюлганын, айдоочу ага карабастан көпүрөдөн өткөнүн кабарлашты. Мекеме көпүрөнү оңдоого 5-августта тендер жарыяланып, 11-августта өткөрүлгөнүн, ушул тапта иштер жүрүп жатканын билдирди.

Көпүрө айыл тургундарын Нарын шаары менен байланыштырып турган жалгыз жол болчу. Азыр шаарга каттап иштегендер үйдөн чыга албай, убара тартып жатат.

Урап түшкөн көпүрө Эки-Нарын айылынан эки-үч чакырым алыста турат. Айылдыктар аны менен 45 мүнөттө Нарын шаарына жетчү. Кырсыктан кийин Көк-Жайык жайлоосу аркылуу жолду ачууга аракет көрүлүп жатат. Бийик тоодогу бул жол менен шаарга баруу төрт-беш сааттык убакытты алышы мүмкүн.

№8 жол тейлөө мекемеси Эки-Нарын жана Орук-Там тургундары Кара-Кужур-Сары-Булак-Арчалы-Орук-Там жолу менен каттап турарын кабарлады. Бул жолдо каттам бар. Нарын шаарына чейин 240 чакырым болот.

Шерине

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG