Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:05

Борбор Азия

Покровск: Орус армиясынын күтүлбөгөн чабуулу
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:06 0:00

Аляскада Трамп менен Путин жолугуп, Украинадагы урушту токтотуу боюнча сүйлөшүүгө саналуу күн калганда майданда кырдаал курчуй баштады. Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге кирип калган 91 миң кыргыз жараны сентябрдан тарта өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн. Айрым тизмеге кирип калган кыргызстандыктар алардын балдары дагы чектөөлөргө туш болуп жатканын билдирүүдө. Сеулдагы сот Түштүк Кореянын мурдагы президенти, оор кылмышка шектелип жаткан Юн Сок Ёлдун аялы Ким Кон Хини камакка алды. Ал көз боёмочулук кылган, пара алган деп айыпталууда.

Орусиядагы мигранттар
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:15 0:00

Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган 91 миң жараны 10-сентябрдан кийин өлкөгө кайтарылышы мүмкүн. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим киргизилгенден бери мындагы чет элдиктерди текшерүү күч алган.

Юристтер кыргыз бийлигин бул маселеге көңүл бурууга, Орусиянын тийиштүү өкүлдөрү менен талкуулап, мунасага келүү керектигин билдиришүүдө.

"Баламды да мектептен чыгарып салышты"

Соңку алты жылдан бери Москвада визажист болуп иштеп келаткан Албина да бул тизмеге түшүп калган мигранттардын бири. Жолдошу апрелде бул өлкөдөн чыгарылган соң, эки кичинекей баласы менен Москвада жалгыз калган келин эми өзү үчүн чочулап турат.

"Эмгек келишими жок, негиз жок деген жүйө менен реестрге май айында киргизип коюшкан. Эгер эмгек келишимиң жалпы базада болсо реестрден чыгарабыз дегенинен "визажист" деген келишимди алып баргам, аны мага ошол келишимди түзгөн мекеме өзү берген. Жыйынтыгында аны да жаратпай салышты. Анан 25 миң төлөп, реестрден чыктым. Эми азыр кайра Тинькофф банкынан билдирүү келди. Анда менин банктык эсебим реестрге кирип калганыма байланыштуу бөгөттөлгөнү жазылган. Мен эми гана 25 миң төлөп чыктым деп ойлосом кайра тизмеге түшүп калдым. Азыр өлкөдөн чыгарып жиберет деп коркуп отурам. Эмгек келишимим бир жылга эле түзүлгөн, ал үчүн салыктар төлөнгөнбү же төлөнгөн эмеспи билбей атам. Чыгып текшерип келейин десем, өзүмдүн төрөгөнүмө эки эле ай болду, баланы калтыруу кыйынга туруп атат. Жолдошум 24-апрелде депортация болуп кетти. Себеби ал документтерин тууралаган эмес. Өзү айдоочу болуп бейрасмий иштеп жүргөн. 5-6 жыл мурда да депортация кылышкан 10 жылга. Бирок кетпей жүрө берип, кармалган сайын акча берип чыгып кетчү, акыркысында катаал адистер кармаган экен, чыгарып салышты акыры".

Айрымдар көзөмөл реестрге кирип калган мигранттардын балдары дагы чектөөлөргө туш болуп жатканын билдирүүдө. Москванын жака-белинде иштеп жүргөн Хаитхан өзү бул тизмеге кирген соң, анын 7-класста окуган уулу дагы окуу жылынын аягында май айында мектептен чыгарылганын айтып берди:

"Май айы бүтө электе эле мени реестрге түшкөнсүң деген негиз менен баламды да мектептен чыгарып салышты. Ал экзамен тапшырып, 7-классты толук аяктай албай калды. Мен эмне болуп реестрге түшүп калганымды деле түшүнбөй турам, маселен менде документтерге байланыштуу эч кандай кемчиликтер жок болчу. Азыр ошол маселени ордуна келтире албай атам. Мамлекеттик кызмат деген мекемеге арыз менен кайрылгам, жообу келе элек. Мектепке көп жолу бардым, арыз жаздым. Мектеп директору орун жок деп коюп атат. Баламдын орду бар эмес беле десем, "утур келген балдарды бош орундарга ала беребиз толуктап" деп коюшту".

Орусияга 13 жыл мурун барган Хаитхан соңку мезгилде мигранттарга катаал мамиле күч алып жатканын айтууда. Жумуштун айынан мекенине кайта албасын айткан келин кооптуу кырдаалга карабай бул өлкөдө калып иштөөнүн жолун издеп жатат.

Орус бийлигинин чектөөлөрү, мигранттардын көйгөйү

Быйыл 5-февралда Орусияда кирген жаңы укуктук режимге ылайык, бул өлкөнүн аймагында жүрүүгө, жашоого мыйзамдуу негизи жок чет элдиктер чыгып кетүүгө тийиш. Ички иштер органдары чет өлкөлүк жарандарды айрым укук бузуулар үчүн Орусиядан депортациялоого укуктуу болот. Орусиянын президентинин 2024-жылдын 30-декабрындагы жарлыгына ылайык, ал жакта мыйзамсыз жүргөн мигранттар эми 10-сентябрга чейин өзүнүн укуктук абалын мыйзамдаштырууга тийиш.

Орусияда жүргөн мигранттарга укуктук жардам берип келген юрист Эрланбек Токтосунов расмий Москванын азыркы чектөөлөрү ЕАЭБге мүчө өлкөлөр макулдашкан келишимдерге карама-каршы келерин эске салды:

Эрланбек Токтосунов
Эрланбек Токтосунов

"Биздин мигранттардын Орусияда жашаган жеринде каттоосу жок, Сахароводо медициналык кароодон өтпөгөн деген негиз менен көзөмөл реестрине киргизип коюп атышат. А бирок мындай талаптар ЕАЭБдин талаптарында көрсөтүлгөн эмес. Эгер ушуларды талап кыла турган болсо Орусия, анда аны ЕАЭБдин талаптарына киргизсин. Анан Орусиянын аймагына кирип баратканда ФСБ эч кандай негизи жок эле Орусияга кирүүгө тыюу салып коюп атышат. Мисалы кечээ эле кыргыз жараны Түркияга барып эс алып, кайра Орусияга кайтып келсе, "сага киргенге уруксат жок" деп коюптур". Аэропортто он саат кармап, "Эмнеге бардың? Ким менен бардың? Кайсы жерде эс алдың?" деп кыйнаган. Айрым учурларда чөнтөк телефонун текшерип, Чубак ажынын видеолору болсо дароо кирүүгө тыюу салып коюп атышат".

Мигранттар маселеси Мишустиндин сапарында көтөрүлөбү?

Эрланбек Токтосунов бул маселе Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин Кыргызстанга келген маалда талкууланып, анын чечүү жолдору каралышы керек деп эсептейт. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматында, Мишустин 14-августта расмий сапар менен келет. Ал өлкө бийлиги менен кыргыз-орус мамилеси, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Мындан тышкары 15-августта Чолпон-Атада Евразия экономикалык биримдигинин өкмөт башчыларынын жыйыны да өтөрү күтүлүүдө.

"Негизи өнөктөш өлкө болгондон кийин "коопсуздукка байланыштуу" деп эле киргизбей койгон болбойт. Коопсуздукка байланыштуу боло турган болсо анда Кыргыз Республикасынын тийиштүү органдарына да маалымат берип, тиги же бул жаран белгилүү бир мыйзамдарды бузду десе туура болмок. Өз билемдик менен жооп берип коюп атышат. Азыр күнүнө жок дегенде 10дон ашык адам кайрылып, реестрге түшүп калганын. чыгарып салууга туш болгонун айтат. Полиция кызматкерлери азыркы мыйзамга ылайык өлкөдөн чыгарып сала алат, ошондуктан биздин мигранттардын укуктары аябай тепселенип атат. Депортация кылгандан кийин биздин жарандар даттанганга укугу жок болуп калууда, үлгүрбөй атат. Мигранттар көп кылмыш жасап атат деген эле негизди айтышат. Бирок террористтик акт, өзгөчө оор кылмыш кылгандардын арасында Кыргызстандын жарандары жокко эсе. Ошого Орто Азиядан баргандардын катарына кыргыз жарандарын кошпой, бөлүп кароо керек. Ошол эле Өзбекстан, Тажикстан ЕАЭБге кирбейт, алардын маалыматы өзүнчө берилгени дурус болот эле".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Орусиянын түзөтүү жайларында 1-апрелге карата Кыргызстандын 1 347 жараны кармалып турат. Анын 646сы баңгизат маселелерине байланыштуу кармалса, 181и жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштар, каракчылык менен 93 киши, ал эми адам өлтүрүү менен 77 кыргызстандык Орусияда эркинен ажыратылган. Жыл башынан бери орус абактарынан 103 киши Кыргызстанга экстрадицияланган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдиришинче, 2025-жылдын биринчи кварталынын соңуна карата Орусияда расмий түрдө 352 миң кыргызстандык катталган.

Көзөмөлдөөчү реестрге кирген кыргыз жарандарынын саны июлда 103 миңге чейин жетип, кийин 91 миң адам калган. Калганы документтерин тууралап, укуктук абалын мыйзамдаштырып алган.

Жыл башынан бери Орусиядан 3748 кыргызстандык чыгарылып, дагы 292и депортация болгон. Кыргыз бийлиги улам-улам кайрылуу таратып, Орусиядагы кыргыз жарандарын бул өлкөнүн миграциялык “кара тизмесинен” сентябрга чейин чыгып кетүүгө чакырып келатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG