Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:48

Тажик президентинин кичүү кызы саламаттыкты сактоону реформалоо ишин жетектейт


Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кичүү кызы Фарзона Эмомали.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кичүү кызы Фарзона Эмомали.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кичүү кызы Фарзона Эмомали Саламаттыкты сактоо министрлигиндеги реформалар, алгачкы медициналык-санитардык жардам көргөзүү жана эл аралык байланыштар боюнча башкармалагына жетекчи болуп дайындалды. Аталган министрлик билдиргендей, 27 жаштагы Фарзона Тажикстандын мамлекеттик медициналык университетинин "Дарылоо" факультетин, андан кийин "Педиатрия" адистиги боюнча ординатураны бүтүрүп, 2023-жылы президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынан диплом алган.

Тажик президентинин тогуз баласы: жети кызы жана эки уулу бар. Алардын айрымдары маанилүү мамлекеттик кызматтарда. Уулу Рустам Эмомали Душанбе шаарынын мэри жана парламенттин жогорку палатасынын төрагасы, кызы Озода Рахмон 2016-жылдан бери президенттик администрацияны жетектейт, дагы бир кызы Рухшона - Тажикстандын Улуу Британиядагы элчиси. Дагы үч кызы фармацевтика, банк жана аба каттамдары тармактарындагы алдыңкы компанияларда жетекчи кызматтарда.

Шерине

XS
SM
MD
LG