Эл аралык Starlink компаниясы 13-августта Казакстанда спутник аркылуу жогорку ылдамдыктагы интернет таратуу ишин баштаганын өлкөнүн Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарыялады. Маалыматка караганда, мындан ары Казакстандын жашоочулары SpaceXтин спутниктик түйүнү аркылуу жогорку ылдамдыктагы жана стабилдүү интернет тутумуна кошула алышат.
12-июнда Казакстандын өкмөтү менен кол койгон макулдашууга ылайык, Starlink компаниясы бул мамлекеттин бардык мыйзамдарын сактоого милдеттенме алган. Казакстандын Санариптик өнүктүрүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өндүрүш боюнча министрлиги билдиргендей, бул жаңылык - аймагы кенен өлкөнүн алыскы шаар-кыштактарына интернетти жайылтып, ал жактарда жашаган элдин санариптик кызматтардан пайдалануу мүмкунчүлүгүн кеңейтет.
Шерине