Нарында көпүрөдөн машинеси менен дарыяга түшүп кеткен адам изделүүдө

“Куюш” көпүрөсү.

Нарын районундагы Нарын – Оруктам автоунаа жолундагы “Куюш” көпүрөсүнөн оор жүк ташыган машинеси менен сууга түшүп кеткен айдоочуну издөө иштери уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, 14-августта издөө ишине ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 39 куткаруучу жана жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылды. Дрон жана суучулдар да иш алып барып жатат. Дарыяга кулап кеткен автоунаа суудан чыгарылды.

13-августта Нарын районундагы Эки-Нарын айылын облус борбору менен байланыштырган көпүрө кулап, оор жүк ташыган машиненин айдоочусу сууга агып кеткен.

Жергиликтүү тургундар көпүрөнүн коопсуздук шарттарына жооп бербей калганы тууралуу бийлик органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок убагында чара көрүлбөгөнүн айтышууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бул көпүрө аркылуу оор жүк ташуучу машинелерге чектөө коюлганын, айдоочу ага карабастан көпүрөдөн өткөнүн билдирүүдө. Мекеме көпүрөнү оңдоого 5-августта тендер жарыяланып, 11-августта өткөрүлгөнүн, ушул тапта иштер жүрүп жатканын кошумчалады. (BTo)

Дагы караңыз

Зеленский: Украинанын коопсуздугуна кепилдик болушу керектигине Трамп макул болдуЗеленский украин күчтөрү Донбассты таштап кетпесин билдирдиТажик президентинин кичүү кызы саламаттыкты сактоону реформалоо ишин жетектейтЭки-Нарында көпүрө кулап, бир адам каза болгону кабарландыКөк-Жар: Курулуштарды бузуу учурунда камакка алынган беш адам коё берилдиМинистрлик: Кыргызстанда кан донору болууну каалагандар өтө азКыргызстан менен Ооганстан экономика, салык саясаты боюнча кызматташат