Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Август, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:22

Министрлик: Кыргызстанда кан донору болууну каалагандар өтө аз


Кан донору. Иллюстрациялык сүрөт.
Кан донору. Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги 4-августтан бери 1014 адам кан донору болуп, бул убакыт аралыгында 261 литр эритроцитардык масса жана 311 литр плазма даярдалганын билдирди.

Министрлик Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун сунуштамасына ылайык, донордук канга муктаждыкты жабуу үчүн ар бир 1000 кишиге кеминде 40 донор болушу шарт экенин, Кыргызстанда 1000 адамга болгону 6 донордой эле туура келерин кошумчалады. Бул эл аралык ченемден алты эседен ашык төмөн. Калкы болжол менен 7 миллион болгон өлкөгө жылына жок дегенде 280 миң донор талап кылынат.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин демилгеси менен кан жана анын компоненттерин чогултуу боюнча акция башталган. Анын негизинде мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, медициналык кызматкерлер жана жөнөкөй жарандар кан тапшырууда.

18 жаштан 60 жашка чейинки, салмагы 50 кг кем эмес ар бир дени сак адам кан донору боло алат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG