Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстанга келди


Адылбек Касымалиев жана Михаил Мишустин. 14-август, 2025-жыл. Чолпон-Ата шаары.
Адылбек Касымалиев жана Михаил Мишустин. 14-август, 2025-жыл. Чолпон-Ата шаары.

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин 14-августта расмий сапары менен Чолпон-Ата шаарына келди. Ушул тапта Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган эки тараптуу делегациянын жабык сүйлөшүүлөрү уланууда.

Касымалиев Мишустиндин сапары эки мамлекеттин түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлганынын 25 жылдыгына туура келгенин белгилеп, эки тараптуу кызматташуу өнүгүп жатканын айтты.

“Эки тараптуу сооданын көлөмүнүн көбөйгөнүн кубануу менен белгилейм. Өткөн жылы товар алмашуунун көлөмү 3,9 миллард долларга жетти жана биз алдыга коюлган 5 миллиард долларлык максатка жакындадык. Быйылкы жылдын беш айында соода жүгүртүү 16% өсүп, 1,3 миллиард долларды түздү. Ошондой эле орусиялык компаниялар Кыргызстанда ийгиликтүү иштеп жатканын белгилейм. Орусиянын ири инвестор катары өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы улам өсүүдө”, - деди Касымалиев.

Михаил Мишустин орус тарап эки өлкөнүн достук мамилесин жогору баалай турганын белгилеп, бардык тармакта кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

“Сырткы кырдаалдын катаалдыгына карабай, биздин эки тараптуу кызматташуубуз ийгиликтүү өнүгүп жатат. 2026-жылга чейинки кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык программаны ишке ашырып жатабыз. Эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүүдө. Кыргызстандын экономикасы үчүн орусиялык инвестиция аябай маанилүү. Бул багытта биздин кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссия иш алып барып келатат”, - деди Мишустин.

Жабык сүйлөшүүдө тараптар соода-экономикалык мамилелерди, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну жана Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы маселелерди талкуулай турганы маалым болгон.

Сапардын алкагында Мишустин президент Садыр Жапаров менен да жолугары күтүлүүдө.

15-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтөт. Анда жыйырмадан ашык маселе каралат. (TAb)

Шерине

XS
SM
MD
LG