Мамлекеттик “Элдик банк” Beeline компаниясын сатып алды

Beeline компаниясынын эн белгиси.

Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы мамлекеттик “Элдик банк” ачык акционердик коому Beeline деген бренд менен таанымал “Скай мобайл” оператордук компаниясынын 100% акциясын сатып алганын билдирди.

Бул чечим санариптик инфраструктураны өнүктүрүүгө жана экономиканы модернизациялоого багытталганы айтылды.

Келишим ачык-айкындуулуктун жана корпоративдик башкаруунун эл аралык стандарттарын сактоо менен жүргүзүлгөнү, бул инвестициялык климатты жана өлкөнүн экономикасынын негизги секторлорунун туруктуу өнүгүүсүн бекемдөөгө өбөлгө түзөрү кошумчаланды.

“Скай мобайл” Кыргызстанда 1998-жылы ачылган “Бител” ишканасынын негизинде 2006-жылдан тартып иштей баштаган. 2010-жылы ал он өлкөдөн турган компаниялар тобуна кирген.

Ушул тапта Кыргызстандын карамагында “Альфа Телеком” ишканасы (мурдагы “Мегаком”, азыркы “MЕГА” мобилдик байланыш компаниясы) бар. 2023-жылы компаниянын 100% акциясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы сатып алган. (BTo)

Дагы караңыз

Абхаз, армян номурлуу жети миңден ашык машине мыйзамдаштырылдыКөк-Жар: Курулуштарды бузуу учурунда камакка алынган беш адам коё берилдиПрезидент Жапаров “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоорун артка кайтардыБишкекте милиция бөлүмүндөгү адам өлүмү боюнча кылмыш иши козголдуКыргызстанда 2021-жылдан бери 2500ге жакын чакырым жолго асфальт төшөлдүАКШ бийлиги Трамп менен жолугушууну Путин суранганын билдирди