Кыргызстанда 2021-жылдан ушул күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 101,7 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Ага 3 048 чакырымдан ашык жол жана жасалма курулмалар курулуп, 2 453 км жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу 12-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясында айтылды.
Транспорт тармагынан 523 млн 534 миң сом киреше түшкөн.
Кыргызстанда соңку жылдары жер-жерлерде, анын ичинде Бишкек шаарында бир катар жолдор жасалып жатат. Бирок айрым жолдор тез эле жарактан чыгып, сапаты начар болуп жатканы тууралуу сындар айтылып келет. (BTo)
Дагы караңыз
Шерине