Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:04

Орусия менен Украинанын түнкү чабуулдарынан каза болгондор, жарадарлар бар


Курск облусунда дрон чабуулунун кесепеттери. Август, 2025-жыл.
Курск облусунда дрон чабуулунун кесепеттери. Август, 2025-жыл.

15-августка караган түнү Орусиянын Курск шаарында он кабаттуу үйгө тийген дрондон имараттын төрт кабаты өрттөнүп, бир киши каза таап, он киши жараат алды. Маалыматты облустун губернаторунун милдетин аткарып жаткан Александр Хинштейн ырастады. Бул күнкү соккулардан Курск облусунда ондон ашуун имарат, арасында мектеп, бала бакча, оорукана жабыр тартканы кабарланды.

Украин армиясынын пилотсуз истребителдери, дрондору Самарадагы мунай иштетүүчү ишканага, Белгород, Самара, Тамбов, Волгоград облустарындагы курулуштарды бутага алганы кабарланды. Орусиянын Коргоо министрлиги өткөн түнү 53 украин дрону асманда жок кылынганын билдирди.

Украинанын Коргоо министрлиги орус армиясы өткөн түнү эки баллистикалык ракета, 97 дрон менен чабуул койгонун, 64 дрон атып түшүрүлгөнүн, калган соккулар 13 райондо жоготуу, кыйроого алып келгенин маалымдады.

Шерине

XS
SM
MD
LG