Евробиримдиктин лидерлери жана АКШ президенти менен өтө турган онлайн саммитке катышуу үчүн украин лидери Владимир Зеленский Берлинге барды. Вашингтон бир аздан кийин Трамп онлайн режимде бул саммитке кошулаарын ырастады. АКШ президенти Зеленский менен өзүнчө сүйлөшөөрү да белгиленген.
Украинадагы согушту токтотуу жолдорун талкуулай турган 15-августтагы АКШ-Орусия президенттеринин жолугушуусун утурлай буга чейин Евробиримдик лидерлери Зеленский менен өзүнчө сүйлөшкөн. Анда макулдашылган шарттарды Трамп менен талкуулаган соң Германиянын канцлери Фридрих Мерц жана Владимир Зеленский Берлинде биргелешкен маалымат жыйынын өткөрөөрү белгиленген.
13-августка караган түнү Орусия менен Украина бири-бирине каршы ондогон дрондорду учуруп, жарандык объектилерди, өнөр жай ишканаларын бутага алышты.
Орусиянын Волгоград шаарында асманда атылган дрондун сыныктары 16 кабаттуу турак жайдын чатырына куласа, Белгороддо соттун имаратына түштү. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат айтылган жок. Орусиянын коргоо министрлиги өткөн түнү алты региондо Украинанын 46 дронун атып түшүргөнүн билдирип, канчасы бутага тийгенин тактаган жок.
Украин армиясы 13-августка караган түнү орустардын 49 дрону асманда жок кылынып, 15и максатына жеткенин кабарлады. Жоготуулар тууралуу маалымат тактала элек.
АКШнын Аляска штатында 15-августта өтө турган Украинадагы согушту жөнгө салуунун жолдору талкууланчу АКШ-Орусия саммити алдында эки тарап аба соккуларын улантууда
Украинанын президенти Владимир Зеленский украин күчтөрү Донецк жана Луганск облустарын көзөмөлдөгөн аймактарды таштап кетпей турганын билдирди. Бул туурасында Зеленский шейшемби кечинде журналисттер менен баарлашкан учурда айтты.
“Биз Донбасстан кетпейбиз, аны кыла да албайбыз. Баары биринчи бөлүмдү унутуп жатышат - биздин аймактарды мыйзамсыз басып алышкан. Донбасс орустар үчүн келечекте жаңы чабуулдар үчүн плацдарм болот. Эгерде биз Донбасстан өз эркибиз менен кетсек же бизди ошого мажбурлашса, үчүнчү согушту ачабыз”, - деп билдирди Зеленский.
Украин президенти азыр согушту токтотуу үчүн кайсы бир аймакты берүү керек деген позиция туура эместигин, мындай шартта учурдагы бийлик жаңы аймактарды басып алуу аракетин улантарын кошумчалаган.
Ага чейин Зеленский Аляскада өтчү АКШ жана Орусиянын саммитинин жыйынтыгын Киев тааныбай турганын билдирген. Ал Трамп менен Путиндин жолугушуусу АКШ менен Орусиянын эки тараптуу мамилеси үчүн мааниси чоң болорун белгиледи. Зеленский бул жолугушууну Путиндин “жеке жеңиши” катары сыпаттады.
15-августта АКШ президенти Дональд Трамп менен Владимир Путин Аляскада жолукканы жатат. Андагы негизги тема Украинадагы согушту токтотуу экенин Ак үй кабарлаган. Бул жолугушуу Путиндин суранычы менен өтүп жатканын Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Левитт билдирген. Ал жолугушуу Альяскадагы Анкориж шаарында өтөрүн ырастады.
АКШ президенти Дональд Трамп Путиндин суранычы боюнча аны менен жолукканы жатат. Бул туурасында Ак үйдүн маалымат катчысы Кэролайн Левитт билдирди.
Ал мындай маалыматты Аляскада өтчү жолугушууга эмне себептен украин президенти Владимир Зеленский чакырылган жок деген суроого жооп берип жатып шардана кылды.
“Путин Москвага сапар менен барган АКШ президентинин чабарманы Стив Уиткофф аркылуу жолугушууну суранган. Ошондуктан АКШ президенти Путиндин өтүнүчүнүн негизинде жолугушууга макул болду. Бул жолугушуунун максаты согушту токтотуу үчүн эмне кыла аларыбызды аңдап түшүнүү”,- деди Левитт.
Ак Үйдүн өкүлү жолугушуу Аляскадагы Анкориж шаарында өтөрүн ырастады.
12-августта АКШ мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен орус тышкы иштери министри Сергей Лавров эки президенттин жолугушуусун уюштурууну телефондон талкуулаган.