Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган 91 миң жараны 10-сентябрдан кийин өлкөгө кайтарылышы мүмкүн. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим киргизилгенден бери мындагы чет элдиктерди текшерүү күч алган.
Бишкек мэри калаадагы Ататүрк паркында курулган үйлөр бузулбай турганын, ал жактагы турак жай ээлери менен бир пикирге келгенин, алар паркты өнүктүрүү үчүн каражат берерин билдирди. Мындай мунаса көп жылга созула турган соттошууларды болтурбоо үчүн кабыл алынган.
Жогорку Кеңеш көп аялдуулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин жойгон мыйзам долбоорун колдоду. Кылмыш-жаза кодексин өзгөртүү менен кош никеге тургандарга жазаны жойгон долбоорго президент кол койбой, артка кайтарганда гана ачыкка чыкты. Талаштуу документ кантип өтүп кеткени коомчулуктун бүйүрүн кызытууда.
АКШнын Ооганстандагы миссиясы жана ага байланыштуу көйгөйлөрдү иликтеген SIGAR агенттиги акыркы баяндамасын Конгресске сунуштады. 68-отчетто узак жылдар бою ири сумма максатсыз коротулганы, коррупциянын кеңири жайылганы жана Батыш өлкөлөрүнүн саясатынын олуттуу кемчиликтери сындалган.
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жайлоолорду коргоого чакырды. Президент жайыттардын такырайып кетүү себебин малдын көбөйүп кетишинен көргөн. Экологдор болсо туризм маселеси, экологиялык аң-сезимдин төмөндүгү дагы көйгөйдү ырбатып жатканын белгилешет.
Кошмо Штаттардын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депоратицияланган 25 кыргызстандык 9-августта атайын каттам менен Бишкекке жеткирилди.
Өкмөт мобилдик аппараттарды каттоону УКМК көзөмөлдөрүн билдирди. Кыргызстанда чөнтөк телефондорду милдеттүү каттоо өткөн жылы июнь айынын этегинде башталган. Анда өкмөт аткезчиликтин алдын алуу, телефон уурдоо жана шылуундукту жок кылууну көздөп жатканын түшүндүргөн.
Газадагы "Аш-Шифа" ооруканасынын жанында израил армиясынын (ЦАХАЛ) соккусунан "Ал-Жазира" телеканалынын беш журналисти набыт болду. ЦАХАЛ журналисттердин бири Анас аш-Шариф Батышта террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунун "уюгун жетектеген" деп билдирди.
Украинадагы согушта жоготуулар көбөйгөнү орус бийлиги абактагыларды, армия курагына жеткендерди, алыскы региондордон этностук азчылык өкүлдөрүн жана борбор азиялык эмгек мигранттарын майданга күчтөп жалдоо тактикасын бекемдеп жаткандай.
Бишкектин Көк-Жар-2 конушунун 172-контурунда мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу учурунда кармалган беш киши Октябрь райондук сотунун чечими менен 10 күнгө убактылуу кармоочу жайга камалды.
Дагы жүктөңүз