"Азаттыктын" журналисти. Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүн аяктаган.
Бишкек мэри калаадагы Ататүрк паркында курулган үйлөр бузулбай турганын, ал жактагы турак жай ээлери менен бир пикирге келгенин, алар паркты өнүктүрүү үчүн каражат берерин билдирди. Мындай мунаса көп жылга созула турган соттошууларды болтурбоо үчүн кабыл алынган.
Бишкек мэри калаадагы "Ататүрк" паркындагы курулган үйлөр бузулбай, ал жактагы турак-жай ээлери паркты өнүктүрүү үчүн акча берерин билдирди.
Кошмо Штаттардын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депоратицияланган 25 кыргызстандык 9-августта атайын каттам менен Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 10-августта маалымдады.
Кошмо Штаттардын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депоратицияланган 25 кыргызстандык 9-августта атайын каттам менен Бишкекке жеткирилди.
Өкмөт мобилдик аппараттарды каттоону УКМК көзөмөлдөрүн билдирди. Кыргызстанда чөнтөк телефондорду милдеттүү каттоо өткөн жылы июнь айынын этегинде башталган. Анда өкмөт аткезчиликтин алдын алуу, телефон уурдоо жана шылуундукту жок кылууну көздөп жатканын түшүндүргөн.
Бишкектин Көк-Жар-2 конушунда мыйзамсыз делген турак-жай курулуштары түрттүрүлүп жатат. Буга нааразы болуп топтолгон жарандардын айрымдарын милиция кармап кетти.
Ош шаарында сел жүрдү, жаңы базарды чатырдан түшкөн суу каптады. Абу-Дабиде Илхам Алиев менен Никол Пашиняндын кездешүүсү башталды. АКШ кыргыз жарандарына виза мөөнөтүн кыскартты. Тышкы иштер министрлиги жагдайга тынчсызданып, чектөөлөрдүн себеби, жумшартуу жолдору талкууланарын билдирди.
Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттен үч миңге чукул студент окуудан чыгарылды. Атайын кызмат маалымдагандай, бул студенттер тизмеде болгону менен окууга келген эмес. Учурда окуу жайдагы мыйзам бузууга катышкан кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүп жатат.
Кыргызстанда 1-июлдан тартып автоунаасына жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу полиси кирди. Башында Мамлекеттик камсыздандыруу уюму 1-сентябрга чейин узартылганын айтып, бирок Экономика министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу кызматы аны четке каккан.
Жогорку Кеңеш 25-июндагы жыйынында Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборду жоюп, аны Акыйкатчынын курамына киргизүү мыйзамын кабыл алды. Муну парламент адам укугун коргоо жатындагы ишти жакшыртып, оптимизация аракети менен түшүндүрүүдө.
Түркияга мектеп окуучуларын олимпиадага алып барып, Стамбул аэропортунда кармалган мугалим Азамат Нурмат уулунун соттук иши сентябрда карала баштайт. Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылына байланышы бар деген шек менен кармалган мугалим үй камагына чыгарылып, учурда Стамбулда жашап жатат.
Израил менен Иран ок атышууну токтоткону менен, маалымат согушу токтой элек. Чүйдүн Ысык-Ата районундагы Такыр-төр көлү ташып, 180ден ашуун киши коопсуз жайга чыгарылды. Бишкектин негизги аянттарында митинг өткөрүүгө тыюу салынганына үч жылдан ашты.
Соңку күндөрү Газа тилкесиндеги чабуулдар ондогон адамдын өмүрүн алды. Камакта жаткан эркин журналист Канышай Мамыркулованын соту кайрадан жылды. Апрелде Стамбул аэропортунда кармалган кыргызстандык мугалим Азамат Нурмат уулу кыргыз бийлигинен көмөк сурады.
Орус армиясынын Днепр шаарына соккусунан 18 киши каза таап, 300 киши жараат алды. Кыргыз бийлиги интернеттеги нааразылык айтылган аймактардын жетекчилерине чара көрүлөрүн убада кылууда.
АКШ президенти Иран менен Израил тынчтык келишимине жетишкенин жарыялады. Нарын облусу көңүл сыртында калды деген нааразы пикирлер социалдык тармактарда күч алды. Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кызы Саиданы өз администрациясына жетекчи кылып дайындады.
АКШнын Ирандагы өзөктүк жайларга соккусу Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды күчөттү. Ал Борбор Азиянын экономикасына кандай таасири этет? Кыргызстан Орусия менен бирге бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүүнү көздөөдө.
Кыргызстанда парламент депутаттарын шайлоо мыйзамы өзгөртүлдү. Президент Жапаров кол койгон жаңы мыйзамга ылайык, өлкөдө бир мандаттуу 30 аймактык шайлоо округу түзүлөт.
“Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга президент Жапаров кол койду.
Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзирек Эралиеванын аброюна шек келтирген блогер Айбек Уланов Бишкектин Свердлов райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынды. Буга чейин коомчулук, активисттер анын мыйзам алдында жоопко тартылуусун талап кылышкан.
Мигранттардын балдары оруси тилин билбесе, мектепке кире албайт. Күйөөсүнүн колунан каза болгон Айзиректин аброюна шек келтирген блогер, активист Айбек Уланов кармалды. Эми 12 өлкөнүн жарандары Америкага кире албайт.
Дагы жүктөңүз