"Азаттыктын" Оштогу кабарчысы. Ош мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Ош облусунун Кара-Суу районунда оор жүк ташуучу автоунаа жолдун үсүнөн өткөн суу түтүгүн сүзүп, каршы тилкеде келе жаткан жеңил машиненин үстүнө кулап, эки адам каза болду. Үч киши жабыркады, алардын экөө балдар.
Ош облусунда жана Ош шаарында 60тай мечит-медресенин ишмердигинде кемчиликтер аныкталып, убактылуу жабылды. Өлкө түштүгүндөгү диний жайлардын жабылышын кубаттагандар да, сындагандар да бар.
Ошто жер мунапысы кечеңдегени тургундарды нааразы кылууда. Ал ортодо Кадастр кызматынын мурунку жетекчиси мунапыска байланыштуу шаардык бийликти айыптап чыкты.
Ноокат районундагы 14 жаштагы өспүрүм асынган абалда табылды. Туугандары анын денесинде көгала так бар экенин жана башы жарылганын айтып жатышат. Бул окуяга байланыштуу 36 жаштагы жаран кылмышка шек саналууда. Ош облустук милициясы тергөө жүрүп жатканын маалымдады.
16-июлда Ош шаардык соту блогер Улукбек Карыбек уулунун кармалышынын мыйзамдуулугун жана анын бөгөт чарасын карады. Судья тергөөчүнүн өтүнүчүн жокко чыгарып, блогерди эч жакка кетпөө тил каты менен бошотту.
Оштогу "Боорукердик үйүнүн" корпусу өрттөнүп кетти. Ал жерде жашаган 15 өспүрүмдун көбү фостердик үй-бүлөлөргө, айрымдары туугандарыныкына убактылуу берилди. Эми алар алты ай ушундай шартта жашап турушат. Бактыга жараша кырсыкта эч ким жабыркаган жок.
Ошто соттук-медициналык экспертиза иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков "жараат алган эмес" деген бүтүм чыгарды. Милиция жакынкы күндөрү журналистке кол көтөргөн жарандын кылганына укуктук баа берилерин билдирди. Коомчулук журналистке ыдык көрсөткөн окуяны кескин сындаган.
Ош - Ноокат жолунун курулушу кечеңдегине айдоочулар нааразы болушса, жолду куруп жаткан жумушчулар эмгек акыларын ала албай жаткнын айтып арызданышууда. Ушул жылдын март айында 47 чакырым жолдун 13 чакырымын мамлекет өз алдынча оңдоого киришкен.
25-майга караган түнү Кызыл-Кыяда мектепке “Ислам мамлекети” террористтик уюмунун желегин илип кетишкен. Бул чуулгандуу коуя боюнча кыздар кармалып, сурак берип жатат. Ошондой эле алар мектептин дубалдарына күмөндүү сөздөр жазылганы боюнча да шектелүүдө.
Оштогу кармалган уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү "Казак" каймана аттуу Умар Маратов бир миллион сом күрөө коюп, үй камагыга чыкты. Ал 28-майдын кечинде Ош шаарында кармалган.
Ош шаарында жолдорду оңдоп-түзөөдөн өткөргөн ишкананын кызматкерлери миллиондогон сомдук тендерлерди өздөрү утуп келген. Алардын алды 70 миллион сомдук тендерди утуп, бирок салган жолдору боюнча чуу чыккан. Ишкана жетекчиси өткөрүлгөн тендерлерде мыйзам бузулбаганын айтууда.
Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов "Азаттыкка" маек куруп, Оштогу таза суу көйгөйү чечилгенин айтты. Буга чейинки Жогорку Кеңештин депутаттары курулуш тармагындагы коррупциялык көрүнүштөргө карата айткан пикирлерин азыркы чакка тиешеси жок деди мэр.
Дагы жүктөңүз