Алыскы Аляска жарым аралындагы жолугушуу бир эле маалда кызматташуунун, атаандаштыктын жана тарыхый символизмдин тогошкон жерине айланчудай.
Трамп саммит өтчү жерди жарыялап жатып, Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан берки Европада тутанган, үч жарым жылга созулган кандуу кармашты Украина менен Орусиянын аймактык маселе боюнча талашын жөндөө менен токтотууну көздөрүн айтты.
"Айрым жерди кайтарып алсак, айрым жерди алмашабыз", - деди Трамп журналситтерге 8-августта. Америкалык лидер "эки жакка тең пайдалуу жер алмашуу болорун" кошумчалаган.
Москва менен Вашингтондун ортосу
"Кансыз согуш" маалынан берки сүйлөшүүлөргө катышып жүргөн мурдагы америкалык дипломат Билл Кортни Алясканын артыкчылыгы анын географиялык жайгашуусу экенин белгилейт. АКШнын бул штаты Вашингтон менен Москванын дээрлик ортосунда болуп, логистикалык жактан алганда ыңгайлуу.
"Аляскада чындап эле Москва менен Вашингтондун ортосунда экениңди сезесиң", - деди Кортни "Азаттык" радиосуна. "Путин менен Трамп узактыгы жагынан дээрлик бирдей жол жүрүп келет".
Аляскадагы Денали улуттук паркы
Нью-Хейвен университетинин ички коопсуздук жана эл аралык мамилелер боюнча профессору Мэтью Шмиддин пикиринде саммит өтчү жер Путин үчүн купуя, бирок маанилүү жеңиш. Орус маалымат каражаттары Алясканын тандалышын аша чаап мактап, 1867-жылы Кошмо Штаттарга 7,2 миллион долларга сатылганга чейин Орусиянын жери болгонуна көңүл бурушту.
"Аляска чоң державалар кайсы бир жерди оңой эле соодалап жиберсе болорун да символикалык жактан туюнтат", - дейт профессор.
Коопсуздукту камсыздоо жеңил
Фэрбанкстагы Аляска университетинин Арктикадагы коопсуздук боюнча профессору Трой Буффар дагы бир маанилүү фактор коопсуздук экенин белгилейт.
АКШнын 50 штатынын ичинен Аляска калкынын саны жагынан 48-орунда турат. Бул жарым аралда 730 миң киши жашайт. Андыктан коопсуздукту камсыздоого келгенде башка шаттарга салыштырмалуу баш оорусу аз.
250 миң тургуну бар штаттагы эң чоң шаар - Анкориж логистикалык жактан саммитти уюштурууга ылайыктуу. Мындан сырткары АКШнын Аскердик аба күчтөрү менен армиясынын миңдеген жоокери кызмат кылган Элмендорф-Ричардсон базасы турат.
"Анкорижде жолдорду, көчөлөрдү, имараттарды жаап салуу деги эле маселе эмес", - дейт Буффар.
Pew Research уюмунун июндагы сумамжылоосун карасак, америкалыктардын көбү Путинди такыр жактырбайт, респонденттердин 84% дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүүдө Кремл деги эле бир оң иш кыларына ишенишпейт.
Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту согуш кылмыштарына айыптаган Путин катышкан саммитти үчүнчү мамлекетте өткөрүү дагы маселе жаратмак. Гаага сотунун юрисдикциясын тааныган 125 мамлекет кимисинин аймагына Путин келсе дагы аны дароо кармоого милдеттүү. АКШ Эл аралык соттун юрисдикциясына кошулган эмес.
Эгер саммит Вашингтондо өтсө, анда "Путин өзүн өтө жаман сезмек", - дейт Буффар.
АКШ баш калаасынын тегерек четинде жашаган он миллиондогон тургундар арасынан Украинадагы Путиндин согушуна каршылар оңой эле уюшуп, Вашингтондун көчөлөрүн демонстрациялар каптамак.
Аляскага же ага жакын штаттарга жетүү үчүн америкалыктар Канада аркылуу миңдеген миль жол жүрүшү керек. Аляскага учкан ички авиакаттамдарга билеттин баасы кыйла кымбат. Анын үстүнө саммит алдында билет табуунун өзү түйшүк.
Буффар имиштерге караганда Путиндин сапарына нааразылар Анкорижде жол боюна Украинанын желегин же ага түстөш плакаттарды кармап чыгышарын айтты. Кортни болсо Путин айлана-тегерегин көрбөш үчүн "жибектин тытындай эле оронуп" алат деген ойдо.
Дагы караңыз Кытай Орусияны колдогону ачык байкала баштады. Киев аны көз жаздымда калтырган жокКызматташтыктан карама-каршылыкка чейин
Аляска АКШ менен Орусия алакасында өзгөчө мааниге ээ болгон. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Аляска ленд-лиз программасынын башкы звеносу эле. Советтик учкучтар Аляскада америкалык учактарды тосуп алып, Беринг кысыгы аркылуу Орусияга жиберип турган. Дээрлик 8000 учак Алясканын батышындагы Ном порт шаарынан орустардын фронтуна учуп өткөн.
1945-жылдан кийин бул кызматташуу тирештин куралына айланган. "Кансыз согуш" маалында Аляска аскерий аймакка айланып, Москвага каршы алдыңкы фронт болуп калган. Жарым аралдагы базаларда Арктикага абадан көзөмөл жүргүзгөн учактар жана радиолокациялык станциялар жайгашкан.
Азыр ал база АКШдагы заманбап кыргын салуучу учактардын эң чоң паркы жана ракетадан коргонуу системасынын өзөгү саналат.
Арктика аймагында муздар эрип, жаңы траспорт жолдору ачылган сайын табигый ресурстарга бай ири державалардын атаандаштыгы күчөп жатат. 2021-жылы америкалык жогорку даражалуу аскер командири Аляскадагы абадан коргонуу зонасына чукул же анын аймагы саналган тилкелерге орус учактары кирип келген учурлар постсоветтик доордогудай эң жогорку деңгээлге жеткенин белгилеген.
Орусиянын бомбалоочу жана чалгындоочу учактары чек араны дагы эле текшерип турат. Соңку мындай учур 22-июлда катталып, быйылкы жылы бешинчи жолу болду. АКШнын айрым расмий өкүлдөрү Орусия менен Кыйтадын улам кеңейип бараткан аскердик таасирине каршы туруу үчүн Алясканын Алеут аралдарындагы "кансыз согуш" маалындагы аскердик объекттерди кайра калыбына келтирүүнү талап кылууда.
Путин Трампты өз тарабына тартууга аракет кылган учурда Орусия менен АКШнын бириктирген жер катары Аляскага көңүл бурушу мүмкүн. Кремлдин тышкы саясат боюнча башкы кеңешчиси Юрий Ушаков Алясканы "символикалык жер" деп атап, ал эки өлкөнүн Арктикадагы жалпы чек арасын чагылдырарын белгилеген.
"Орусия менен АКШ - жакын коңшулар, чек аралаш өлкөлөр", - деген Ушаков видео кайрылуусунда. Саммит тынчтыкты орнотууда чындап бир ийгиликке жеткиреби же жокпу ал өзүнчө икая. Ал эми Аляска үчүн дүйнөнүн назарына түшкөн сейрек учур болот.