Сербияда демонстранттар полиция менен кагылыша кетип, ондогон киши жараат алды

Белградда полиция бийликчил жана оппозициячыл демонстранттарды кууп таратты. 13-август, 2025-жыл.

Шаршембиде кечинде Сербияда бийликтин тарапкерлери менен каршылаштары кагылыша кетип, жараат алган ондогон киши ооруканага жеткирилди. Калкынын саны жагынан экинчи шаар Нови-Садда бийликчил Сербиянын прогрессивдүү партиясынын кеңсеси алдында эң ири кагылышуулар болду. "Сербия, ойгон" деген ураан алдында бул күнү ондогон шаарларда нааразылык акциялары болуп өттү.

Сербияда бийликке каршы демонстрациялар былтыр ноябрда Нови-Сад шаарында темир жол вокзалынын алдындагы чатыр кулап, 16 киши каза болгондо башталган. Нааразылык акцияларынын басымы алдында Сербиянын премьер-министри Милош Вучевич январда отставкага кетип, парламент аны март айында гана бекиткен.

Оппозициячылар Сербиянын президенти Александр Вучичтин кызматтан кетишин талап кылып келатышат. Вучич бейшембиде маалымат жыйынын өткөрүп, мурунку күнкү кагылышууларда 16 полициячы жарадар болгонун, Нови-Садда 64 киши ооруканага жаткырылганын, кырдаал "жарандык согушка жакындап баратканын" эскертти. Студенттер баштаган нааразылык акциялары Сербияда тогуз айдан бери токтобой келатат.