Эки-Нарында көпүрө кулап, бир адам каза болгону кабарланды

Нарын районундагы Эки-Нарын айылын облус борбору менен байланыштырган көпүрө кулап, бир адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты. Нарын дарыясына курулган жыгач көпүрө жүк ташуучу автоунаа өтүп баратканда кулаган. Дарыяга кулаган автоунаанын айдоочусунун сөөгү учурда изделүүдө.

Анын кесепетинен айдоочу каза болгону айтылууда. Учурда айылды Нарын шаары менен байланыштырган жалгыз көпүрө жараксыз абалга келди. Жергиликтүү тургундар көпүрөнүн коопсуздук шарттарына жооп бербей калганы тууралуу бийлик органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок убагында чара көрүлбөгөнүн айтышууда.

“Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасы Нарын-Оруктам жолунун 39-чакырымында жайгашкан Эки-Нарын көпүрөсү аркылуу оор жүк ташуучу машинелерге чектөө коюлганын, айдоочу ага карабастан көпүрөдөн өткөнүн билдирүүдө.

Эки-Нарын айылы Нарын шаарынан 45 чакырым чыгышта жайгашкан.

Дагы караңыз

Кыргызстан менен Ооганстан экономика, салык саясаты боюнча кызматташатОрусия менен Украина бири-бирине дрон чабуулун улантууда