Кыргызстанда 2021-жылдан бери 2500ге жакын чакырым жолго асфальт төшөлдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2021-жылдан ушул күнгө чейин транспорт жана жол тармагына 101,7 млрд сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Ага 3 048 чакырымдан ашык жол жана жасалма курулмалар курулуп, 2 453 км жолго асфальт төшөлдү. Бул тууралуу 12-августта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясында айтылды.

Транспорт тармагынан 523 млн 534 миң сом киреше түшкөн.

Кыргызстанда соңку жылдары жер-жерлерде, анын ичинде Бишкек шаарында бир катар жолдор жасалып жатат. Бирок айрым жолдор тез эле жарактан чыгып, сапаты начар болуп жатканы тууралуу сындар айтылып келет. (BTo)

Дагы караңыз

АКШ бийлиги Трамп менен жолугушууну Путин суранганын билдирди Бишкекте милиция бөлүмүндөгү адам өлүмү боюнча кылмыш иши козголдуСентябрда Орусиядан 90 миңден ашык кыргыз жараны чыгарылышы мүмкүнПрезидент Жапаров “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоорун артка кайтардыБыйыл Бишкекте эки миңдей бак-дарак кыйылды