Украинанын өкүлү орус армиясы Донецкиде жаңы жерлерди басып алганын четке какты

Украинанын чыгышындагы Донецк облусунун Покровск багыты.

Украинанын аскердик командачылыгынын өкүлү Виктор Трегубов орус армиясы Донецкидеги Покровск багытында аз сандуу аскерлерин алдыга чыгарганы менен, ал жерлерди басып алды деп айткан туура эмес деп билдирди. "Бул жерде жаңы жерлерди басып алуу тууралуу сөз болгон жок. 5-10 аскерден турган чакан топтор алдыга чыгарылып жатат, болгону ошол", - деди украин офицери.

Шейшембиде эртең менен уруштардын жүрүшүн онлайн чагылдырып келаткан Украиналык Deepstate OSINT-долбоору Доброполье районунда орус армиясы 11 чакырымдай алдыга жылып, бир нече калктуу конуштарды басып алганын кабарлаган.