Мэриянын бул чечими коомчулукта талкууга түшүп, башка конуштардагы мыйзамсыз делген үйлөргө тиешелүү болобу деген суроо жаратты. Ушул тапта жер-жерлерде, өзгөчө Бишкек менен Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген турак жайлар, дубалдар жана башка курулуштар буздурулуп жатат.
"Үй ээлери менен мунаса табылды"
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 11-августта "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында түз эфирде сүйлөп жатып, Бишкектин Ататүрк сейил багындагы үйлөр буздурулбай турганын билдирди. Анын айтымында, мындагы 70ке чукул жер там жана көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин ээлери менен мэрия бир пикирге келген.
Ататүрк сейил багынын 20 гектардан ашык жери кызыл менен белгиленген. Мында жер там, көп кабаттуу үйлөр курулуп, мыйзамсыз экени айтылган.
Шаар башчысынын айтымында, жер тамда жашагандар бир сотых үчүн 4,5 миң доллардан, ал эми көп кабаттуу үйлөрдөгү ар бир батир ээси миң доллардан мэрияга төлөп берет. Алынган акы паркты өнүктүрүүгө, реконструкциялоого жумшалат.
"Баш мыйзамды же дагы башка тиешелүү мыйзамдарды көтөрө турган болсок, ар бир жарандын жерге болгон укугу сот аркылуу чечилет. Азыркы тапта Ататүрк сейил багындагы 24 гектар жер жеке менчикке өтүп кеткен болсо, анын ичинен 5 гектар жерди биз парктын эсебине кайтарып атабыз. Мен айтып жаткан бош жерлер. Ал жерде биз курулуш жүргүзгөнгө, тегерек-четин коруганга уруксат бербейбиз. Мындагы курулуштардын баарын мыйзамсыз деп эсептегендиктен андагы пайдубал, дарбаза, кашаалардын баарын алып, баштапкы калыбына келтирдик",- деди Айбек Жунушалиев.
Мэр сейил бакта сатылып, жеке колдо турган бош жер тилкелери парктын балансына кайтарыларын айтты. Бирок буга жер ээлери макул эмес.
Бишкек мэри курулуп калган үйлөрдүн ээлеринен чогултула турган каражаттын жалпы суммасы 500 миллион сомду түзөрүн, ушул тапта анын 97 миллиону түшкөнүн кошумчалады.
Дагы караңыз Ататүрк паркы: Мэриянын билдирүүсү, Консоттун талкууга түшкөн чечимиЖунушалиев жеке тараптарга сатылып, бирок курулуш башталбай турган ушул эле сейил бактагы жер тилкелери мэриянын балансына кайтарылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, 5,5 гектар жер баштапкы калыбына келтирилет.
"Тандалма мамиле болуп атат"
Он алты жыл мурда жер алып, курулушун баштай албай жүргөн шаар тургуну Чынара Искандерова мэриянын мындай кадамына нааразы болуп жатат.
Чынара Искандерова
"Менин участогум 8 сотых, 16 жыл мурун алганбыз. Сол капталымдагы жер ээлери жерин коруп коюшту, анын жанындагылар болсо 3-4 кабаттуу чакан үйдү (клубный дом) куруп, азыр ремонтун жүргүзүп атат. Мен болсо улам үй салып баштайын десем милиция келип, кубалап, тоскоол болуп жатты. Казып койгон үйдүн жерпайына улам келип таштанды үйүп кетишет. Эми эмне кыларымды билбей отурам. Өлкө жетекчилиги буга көңүл буруп койсо жакшы болмок. Себеби менин участогумдун эки капталында тең үйлөр курулуп, эл жашап атат. Эмнеге аларга уруксат бар, мага жок? Тандалма мамиле болбошу керек эле. Азыр менин беш неберем бар, мен алардын келечеги үчүн деп ушул жерди чуркап иштеп тапкан акчама алган элем".
Дагы бир тургун Гүлнара Назыркулова да сейил бактын аймагынан 13 жыл мурда 7 сотых жерди 70 миң долларга сатып алганын айтууда. Москвада 20 жыл миграцияда жүрүп, ысык-суукта базарда отуруп соода кылган акчасын топтоп келип, "Вечерний Бишкек" гезитинен көргөн жарнама аркылуу келип, ушул жерди алганын билдирди. Назыркулова бул участокко бир нече жолу үй салуу аракетин көргөн, бирок тийиштүү органдар уруксат берген эмес. Ал алган тилке колдон-колго сатылып отуруп, анын колуна тийген. Ал кезинде жер сатууга уруксат бергендердин жоопкерчилиги каралабы деген суроо менен өлкө жетекчилигине кайрылды:
Гүлнара Назыркулова
"Москвага кетип жатканда бир уулум, бир кызым бар эле. 2004-жылы күйөөм менен жетелешип миграцияга Орусияга кеткенбиз. Тынбай Москванын Черкизов базарында иштедим. Орусиянын суугу, балдарымдын кичинекей болгону бир топ түйшүк жараткан. Ошентип отуруп тыйындан акча кураганбыз. Тапкан-ташынганыбызды ушул жерге салдык эле. Ал кезде 7 сотых жерди 70 миң долларга алдык эле. Убагында үй сала алган жокпуз, акчабыз жетишсиз болду. Башка мүлкүбүз болгон эмес. Акча топтойбуз деп кайра Москвага жөнөдүк, кайра келип жок дегенде пайдубалын түптөп коелу десек, "мыйзам уруксат бербейт" дешкенинен биз жана коңшу жер тилкелеринин ээлери мыйзамды сыйлайлы деп отуруп калганбыз. Ошентип отуруп ушундай жагдайга келдик. Мен ушул жерди төртүнчү ээсинен сатып алгам, демек, мага чейин төрт жолу колдон-колго сатылган жер бул. Ошол кезде жерди бөлүүгө, "кызыл китеп" чыгарууга уруксат берген мэриянынын кызматкерлери, ошол кездеги жетекчилер эмнеге жоопкерчиликке тартылбайт? Алар кайда? Эмнеге кызылдай акчабызды берип, маңдай терибиз менен тапкан акчага алган биз жооптуу болушубуз керек? Биз жерлерди басып алган жокпуз. Ошондуктан өкмөт бул маселени акыйкат чечип берсин".
Учурда сейил бактын аймагында 68 турак жай, эки көп кабаттуу үй курулган.
Мавлюдахан Кыдыралиеванын жер тилкеси Гүлнара Назыркулованын участогуна тушташ жайгашкан. Ал дагы үй түшө элек жеринин тагдыры кандай чечилет деп кабатыр.
Мавлюдахан Кыдыралиева
"Бул жерлерди токтом менен алган менчик ээлеринин бири да калган жок. Мен колдон-колго өтүп отуруп, сатып алган үчүнчү жер ээсимин. Колумда кызыл китеп, мамлекеттик акт, техпаспорт бар. Ал тургай Бишкек шаардык прокуратурасынын да каты бар, анда прокуратура бул жерлер өз убагында мыйзамдын негизинде туура берилгенин айтып атат. Мисалы, бизден ылдыйраак жерде атайын операция учурунда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаевдин да жер тилкеси бар болчу. Ал жерди алышты да, кадимкидей эле ушул күндөрү курулуш иштерин жүргүзүп жатышат. Биздин жер тилкенин сол тарабында болсо 5 кабаттуу көп батирлүү эки үй курулуп атат, аларга уруксат кайдан берилди? Эмнеге мынча тандалма мамиле болушу керек? Биз 2020-жылдары ошол кездеги мэр Азиз Суракматовдун өзү менен да жекеме-жеке сүйлөшүп чыкканбыз. Анда ал беш кабаттан ашпаган көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн жер тилкелериңерди курулуш компанияларына бере берсеңер болот деп өзү айткан. Биз баарыбыз топтолуп, жерлерибизди бир курулуш мекемесине бергенбиз. Алар соңку төрт жылдан бери уруксат ала албай, курулуш баштай албай коюшту. А ушул эле участокторго тушташ жерлерге курулсун деп уруксат бергенин кандай түшүнсө болот? Тандалма мамиле да бул".
Мэрия бул айтылгандар боюнча комментарий бере элек.
Бишкектин мэри Жунушалиев 2024-жылы 16-апрелде Ататүрк паркынан там курууга жер берүү боюнча мурдагы мэрлердин колу коюлган 124 токтом жокко чыгарылганын билдирген.
Дагы караңыз Тыгын, жер, Ататүрк, таштанды. Мэр Жунушалиев жана анын талаштуу реформасыЖер ээлери былтыр Октябрь райондук сотуна кайрылып, иш карала баштаганы менен ал соңуна чыга элек. 2012-жылы да аталган сейил бактан жер тилкелерин алгандардын иши Жогорку сотко чейин жетип, алардын пайдасына чечим чыккан.
Бул жердеги жер үйлөрдүн ээлери сотыхына 4,5 миң доллар, ал эми көп кабаттуу үйлөрдөгү ар бир батир 1000 доллардан төлөп берүүгө макул болгон.
Мыйзам бузуунун кесепети
Убагында Мамлекеттик курулуш агенттигин башкарган Ишенбай Кадырбековдун айтымында, 2006-жылы бекитилген шаардын башкы планы аткарылсын деп ошондогу премьер-министр Феликс Кулов токтомго кол коюп, анын негизинде эки айдын ичинде Бишкек шаары менен Чүй облусу тиешелүү структуралар менен бирге облус менен шаардын чек арасын демаркация кылууну тапшырган. Бирок бул токтом убагында аткарылбай калган.
Ишенбай Кадырбеков
"Ошондон бери 20 жылдан ашык убакыт өттү. Өкмөттүн токтому аткарылган жок. Ошол 2006-жылы эле Көк-Жар башкы планга ылайык шаардын чегине кирип кеткен. Ошондой эле шаардын архитектурасы курулушту токтотуп, уруксат бербей койсо болмок. 20 жылга кечикти, Аламүдүн, Сокулук райондору жерлерди каалашынча кесип, элге таратып, сатып келди. Акырында мыйзамдын негизинде президенттин буйругу менен ошол айылдар шаарга кошулду. Шаардын мэриясы эми Башкы планда көрсөтүлбөгөн жерлерде үйлөр курулуп калганын көрдү. Эми Бишкек каякка өсөт? Шаар отуруп калды эми, көп кабаттуу үйлөрдү кура алышпайт ал жерлерге эми. Биздин трагедиябыз - тиешелүү мыйзамды аткара албаганыбызда. Мен таң калам, мэриянын юридикалык бөлүмү, өкмөттүн тиешелүү структуралары каякты карап отурду? Эгер ошол токтомду аткарганда канчалаган адамдардын убалына калбай, курулушту өз учурунда токтотуп калмак. Жер керек болсо башка участоктордон бермек. Ошол кездеги тиешелүү мамлекеттик кызматкерлерден ката кеткен. 200дөн ашык үйлөр курулуп кеткен, аны көрбөй каякты карап атты? Мыйзам бузулду, эми компенсация берели же башка үй берели деген күндө да ал мыйзамга каршы келет. Мыйзамды аткаралы десе карапайым эл кыйын абалга келип атат. Мен муну кандай чечиш керек экенин билбей атам, кыйын абал болуп калды".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Ататүрк - 2": Бишкек шаарынын депутаттары кантип жер алган?
Ушул тапта жер-жерлерде, өзгөчө Бишкек менен Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен, мыйзамсыз салынган делген турак жайлар, дубалдар жана башка курулуштар буздурулуп жатат. Бул процесс жарандардын ар кандай нааразылыктары менен коштолууда.