Президент Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндө мыйзам долбоорун каршы пикирлер менен парламентке кайтарганы тууралуу маалымат 11-августта расмий таратылды.
“Эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин сактап калуу Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык келет. Аялдарды дискриминациялоонун бардык формаларын жоюу жөнүндө конвенциянын, бала укуктары жөнүндө конвенциянын, мамлекеттин гендердик теңчилик жана укуктун үстөмдүгү принциптерин жактаганын билдирет, аялдарды жана балдарды укуктук жана социалдык теңсиздиктен коргойт, ошондой эле Конституцияда жана мыйзамдарда бекитилген үй-бүлө институтун бекемдөөгө өбөлгө түзөт”, - деп айтылат маалыматта.
Депутаттар Нурланбек Азыгалиев жана Медербек Саккараев демилгечи катары жазылган долбоордо эки же андан көп аял алуу үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин караган Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесин "күчүн жоготту" деп таануу жазылган.
Документти Жогорку Кеңеш 25-июнда кабыл алган. Мыйзам долбоору бир күндө дароо үч окууда каралып, ага 73 депутат "макул" деп, бир да "каршы" добуш болгон эмес. Ал күнү добуш берүүгө катышкан аялдардын 14ү да аны колдоп берген.
Документке Акыйкатчы, Башкы прокуратура, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттик, Улуттук илимдер академиясы, Юстиция министрлиги жана Конституциялык сот каршы пикир берген.
“Азаттык” мыйзам долбоорунун демилгечилери менен байланыша алган жок. “Ыйман нуру” фракциясынан депутат Динара Ашимова бул документ талкууланбай эле өтүп кеткенин билдирди:
Динара Ашимова
“Долбоордун маалымкатын көргөн эмесмин. Түштөн кийин жумушка барып, документтерди көтөрүп, бул мыйзам долбоору кантип талкууланганын карайм. Мен добуш берүүнүн жыйынтыгы жарыяланганын көрдүм. Бирок мындай добуш берүү болбогонун, талкуу дагы болбогонун так айта алам".
Депутат Элдар Абакиров да бул мыйзам долбоорун көрбөгөнүн айтып жатат. Өзү башка комитетте болгону үчүн талкууларга да катышпаганын маалымдады:
- Балким маалымат каражаттарына чыгып кетпесин деп ошенткендир. Мен көргөн да жокмун.
- Добушка койбодуңарбы?
- Ушул норманы мен көргөн жокмун. Балким байкабай алышым мүмкүн. Мен ал комитетте болбогондуктан... Меники курулуш жана транспорт. Жыйында 30-40 мыйзам келгенде, албетте адам үлгүрбөйт баарын карап чыкканга.
Ошентип, Кыргызстанда көп аялдуулукка жазаны жойгон мыйзам аз жерден ишке кире жаздады.
Талаштуу документтин парламенттен өтүп кеткени коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Мындай жагдай парламенттин дарегине көлөкө түшүргөнүн талдоочулар айтышууда. Себеби, мыйзамды бир күндө дароо үч окуудан өткөрүп, ага кошумча депутаттар эми окуган эмеспиз деп актанып жатканы кабыл алынган мыйзамдардын мазмуну жана сапаты боюнча суроолорду жаратууда.
Юрист Таттыбүбү Эргешбаева бул мыйзамдын тобокелчиликтерин мындай деп чечмеледи:
"Эмне үчүн бул 176-берене боюнча иш сейрек? Жакшы иштебейт? Анткени аялдар көп учурда коомдун айыптоосунан же үй-бүлөнүн басымынан коркуп, милицияга кайрылышпайт. Же кайрылуу тууралуу фактысы болгону менен арыз кайра артка кайтарылат. Айрым аялдар диний нике менен гана жашап, расмий каттоодон өтпөйт. Президенттин бул мыйзамды артка кайтарганын колдойм. Эгерде мыйзам күчүнө кирсе бул формалдуу эмес никени көбөйитүп, аялдардын, балдардын укуктарын коргоо кыйын болмок".
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Көп аял алуудан эч ким утпайт
Дагы бир юрист Эржан Сулайман азыркы мыйзамдын эскиргенин белгилеп, анын ичиндеги карама-каршылыктарды иреттөө зарыл деп эсептейт.
Эржан Сулайман
"Бул татаал маселе. Кыргызстанда Кылмыш кодексинде "эки же көп аял алуу" деген берене бар. Бул берене СССРден калган берене. Дүйнөдө демократиялык өлкөлөрдө андай нерсе жок. Бир эле жарандык никени каттоо (ЗАГС) бар, эки аял менен эч бир эркекти каттабайт. Эч бир аялды эки эркек менен каттабайт. Ошондо эки аял алуу мүмкүн эмес болуп жатат да. Бизде бул берене иштебейт, себеби ал жерде: "Эки же андан көп аял менен чогуу бир үйдө чарба жүргүзүшсө, бир үйдө жашаса жоопко тартылат" деп жазылып турат. Андай учурда өкмөт 50 миң сом айып пулга жыгат. Мыйзамда дагы бир жобо бар: бир кылмыш үчүн адам эки жолу тартылбайт деген. Айып пул салынат, андан кийин эркек кайра эле жашап жатат", - дейт Сулайманов.
- Кыргызстанда “Үй-бүлө жөнүндө кодекс” бир гана расмий никеге уруксат берет. Мыйзам боюнча эки же андан көп аял алган адам коомдук, түзөтүү жумуштарына же айыпка тартылат.
- Бул кылмыш үчүн айып пулдун өлчөмү 50 миң сомдон 100 миң сомго чейин деп аныкталган. Өлкөнүн мыйзамдары көп аял алууга тыюу салганына карабай кош нике менен жашагандар бар.
Укук коргоочулар, психологдор көп аялдуулук маселеси менен өлкөдөгү кризистик борборлорго кайрылган кыз-келиндер арбын экенин айтып келатат.
"Бизге биринчи да, экинчи да аялдар кайрылат. Экинчи аялын ЗАГСка тургуза албайт да. Ошондо биринчи аялынын үстүнө үйүнө алып келип жашап алгандар бар. Же башка батир ижарага алып бергендерди деле көрүп жатпайбызбы. Ошондо эки аялдын тең психикасы жабыркайт. Таарынычын, жүрөгү ооруганын көп аялдар айтат. Көп эркектер аялдардын тагдыры менен ойноп жатпайбы. Бирөөнү алгандан кийин, экинчисин алып экөөнүн тең тагдырын бузуп эмне кереги бар? Эң өкүнүчтүүсү аял депутаттардын мыйзамга макул деп добуш бергени болду. Депутаттар адамдын тагдырын чечкен мыйзамдарга олуттуу карашы керек эле", - деген ою менен "Бактылуу эне" кризистик борборунун башчысы Чынара Сыдыгалиева.
Кыргызстанда мураскер, экинчи аял жана алардын балдары тууралуу маселелер чыгып, мүлк талашкан учурлар катталганы менен бул көйгөй иликтенген эмес жана кандайдыр бир статистикалык маалыматтар жок.