Быйыл Бишкекте эки миңдей бак-дарак кыйылды

Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспектиси. 15-ноябрь, 2024-жыл. (Азыр бул теректер жок)

“Бишкек жашыл чарба” муниципиалдык ишканасынын башкы агроному Жаныбек Жумалиев ушул жылдын башынан бери эле борбор калаада 2 миңдей бак-дарак кыялганын билдирди. Бул тууралуу ал 12-августта өткөн брифинг учурунда айтты.

Анын сөзүнө ылайык, Чыңгыз Айтматов проспектисин оңдоо иштеринде эле миңдей терек кыйылды. Жаныбек Жумалиев план боюнча Бишкекте жыл сайын чирип, мөөнөтү жеткен 600-700 бак-дарак кыйылып турушу зарыл экенин, бирок жол салуу жана курулуш иштерине байланыштуу мындан да көп бак-дарак жок кылынарын кошумчалады.

“Бишкек жашыл чарба” муниципиалдык ишканасынын балансында 248 миң жалбырактуу жана ийне жалбырактуу дарактар бар. Бул шаар аянтынын 10% да түзбөйт. “Арча демилгеси” коомдук фонду 2014-2021-жылдары Бишкекте 479 гектар жашыл аймак кыскарганын изилдеп чыгышкан.

Экологдор Бишкекте жашыл аймактар, бак-дарактар жылдан-жылга азайып баратканын айтып, мунун кесепети оор болорун эскертип келишет. Борбордо жайында аптап болуп, кышында ыш каптайт. (BTo)

Дагы караңыз

Орус армиясы Донецкиде алдыга жылды, бир нече шаарда аэропорттор жабылдыСентябрда Орусиядан 90 миңден ашык кыргыз жараны чыгарылышы мүмкүнОш шаарындагы “Эки дос” кафеси буздурулмай болдуТрамп орус жана украин президенттеринин жолугушуусун уюштурууну максат кыларын билдирдиБишкек мэри "Ататүрк" паркына үй салгандар менен мунаса табылганын айтты ЖАМК Фархат Баабиев абакта кыйноого кабылбаганын билдирдиАКШ Кытайга бажы төлөмүн киргизүүнү кийинкиге калтырдыБишкектин Ленин райондук милициясында 25 жаштагы адам каза болду“Казарман жана Көкөмерен ГЭС каскадын куруу” долбоорлору боюнча келишимдерге кол коюлду