Симферополдо кармалган крым татар саясатчысы бошотулду (тасма)
Крымдын борбору Симферопол (крым татарча Ак-Мечит, Ак-Месчит) шаарында эртең менен кармалган беш крым татар саясатчысынын бири Куртсеит Абдуллаев боштондукка чыкты. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы каратып алынган Крым жарым аралында 23-ноябрда кылмыш иш ачып, ага ылайык Симферопол шаарында Бекир Дегерменжи, Асан Чапух, Кязим Аметов, Куртсеит Абдуллаев жана Руслан Трубач кармалган. Аларды кармоо маалында окуя болгон жерде болгон 83 жаштагы Вежие Кашка айым өзүн начар сезип, аны тез жардам унаасы ооруканага алып бара жатканда көз жумган.
Чыгарылыштар
-
Август 13, 2025
"Эми кайда барып жашайбыз?" Кара-Суу районундагы "снос"
-
Август 13, 2025
Сеул: Экс-президенттин аялы "пара алган" деп камалды
-
Август 13, 2025
Покровск: Орус армиясынын күтүлбөгөн чабуулу
-
Август 12, 2025
"Көчөдө калдыкпы?" Оштогу соодагерлердин суроосу, мэриянын жообу
-
Август 12, 2025
Украина менен Орусия жер алмашабы?
-
Август 12, 2025
"Ататүрк": Үй ээлери паркка акча төлөп берет